Биз социалдык тармакта

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги унду арзан баада сатат

Мамлекеттик материалдык резервдер фонду унду арзан баада сатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Мекеме республикада бааларды турукташтыруу жана рынокту толтуруу үчүн ундун эң жогорку сортунун 1 килограммы 27 сом, биринчи сорттогу ундун баасы 1 килограммы 25 сомдон сатарын маалымдайт. Сатып алууну каалагандар төмөнкү даректерге кайрылса болот:
- Кара-Балта "Дан" мамлекеттик ишканасы, 03233 3 68 97;
- Балыкчы ААК "Алтын-Дан", 03944 5 10 12;
- Кара-Суу ААК "Карасу-Дан-Азык", 0550 90 33 00;
- Жалал-Абад ААК “Азрат-Айыб", 03722 7 24 02;
- Мамлекеттик резерв фондунун Бишкек борбордук базасы, 0312 35 72 86; 0550 23 60 27.
Эске салсак, министрлер кабинети Казакстандан Кыргыз өлкөсүнө гуманитардык жардам иретинде келген 10 миң тонна ундун сапатынын начарлашына жол бербөө максатында унду сатуу жана андан түшкөн каражатты мамлекеттик резервге коюу үчүн азык-түлүк буудайын сатып алуу жөнүндө чечим кабыл алары кабарланган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Gulina90
2021-07-16 21:32:57
Чындап ошол баада сатылса бир кап унду 500сомго арзан алат экенбиз.
+1
Kyrgyz-aiym
2021-07-17 08:11:07
Gulina90 1250 сом анан 1350 сом болот 1 мешогу. Ун 50 кг дан болот чоң кыз
+1
Gulina90
2021-07-17 10:05:00
Kyrgyz-aiym,мен эмне деп атам ун бизде 1700,болуп жатат булар 1250с сатса 500сомдой арзан болуп атабы.
+1
-FREEDOM-
2021-07-16 23:29:50
Лейлекеда келеби?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан