Биз социалдык тармакта

Казакстандан гуманитардык жардамга келген ундарды сатуу каралууда. Министрликтин түшүндүрмөсү

Коңшу Казакстандан Кыргыз өлкөсүнө гуманитардык жардам иретинде 10 миң тонна ун келген. Бул тууралуу жергиликтүү айрым маалымат каражаттарында "ундардын сактоо мөөнөтү чектелүү" экени айтылган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалыматты четке кагып, буларды кабарлады.
"20-22-июнь күндөрү Казакстандан алынган ундун жарактуулук мөөнөтү чектелген деген жаңылыш маалыматтар жарыяланган. Буга байланыштуу министрликтин алдындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун башкармалыгы жогоруда айтылгандарды төгүндөйт. Ушул жылдын май айында Казакстандан гуманитардык жардам иретинде 10 миң тонна жогорку, биринчи сорттогу ун келген. Азык ЕАЭБдин бардык талаптарына жооп берет.
Боордош эл бизге дайыма көмөктөшүп турат. Былтыр коронавирус пандемиясы курчуп турган кезде гуманитардык жардамга 5000 тонна ун берилген.
Июнь айынан бери республикада абанын табы 32-35 градус жана андан жогору болууда. Июль айында температуранын жогорулашы күтүлүүдө, бул ундун сакталышына терс таасирин тийгизет. Кампанын ичиндеги температуранын жогорулашы унду каптарда сактоо үчүн өтө жагымсыз шарттарды түзөт.
Буга байланыштуу министрлер кабинети азыктын сапатынын начарлашына жол бербөө максатында унду сатуу жана андан түшкөн каражатты мамлекеттик резервге коюу үчүн азык-түлүк буудайын сатып алуу жөнүндө чечим кабыл алат", - деп айтылат билдирүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
kazakov1991
2021-06-28 22:37:39
Сат сат сат сааат
+1
Dastanali
2021-06-28 22:44:30
Кана эми 1 сомун жебей, толугу менен буудай алса да жакшы. Ундун сапаты төмөндөп, курт түшүп кетиши мүмкүн. Резерв болбосо алдынкы жылдарга прогноз жакшы эмес
+9
Gulina90
2021-06-28 22:46:52
Кантип эле бузулуп кетсин жардам жардам боюнча кетсе болбойбу,сата калышпай,ушуну да сатып тынгылачы.
0
Kyrgyz_bloger
2021-06-28 22:51:12
Кадимки ундардын катарында сатылбай озунчо коюп срогу отойун деп калган деп ачык айтып сатуу керек.
+3
Nursul
2021-06-28 23:06:41
Сатыкта эле койгону жакшы жардамды жардамга эле таркатыла турган болсо анда баягы эле жулкунган байлар эле алып алышат гумпомош алган ким байлар пособие алган ким байлар муну да жардам катары таркатыла турган болсо муну да байлар эле алып салышат тууган туушкандарына эле бурмалап салышат.
+2
nurik73
2021-06-29 09:47:33
ушалардын жегени уурдаганы тыйылбай койду. сатпай эле бериш керек уйундо наны жок олтурган кедей кембагалдарга
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан