Асылбек Жээнбеков Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын делегациясы менен жолугушту

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 29-октябрда Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. Делегация Кыргызстанга кыргыз тараптын ассамблеяда «демократия боюнча өнөктөш» макамын алуу демилгесин талкуулоо боюнча саясий кеңештерди жүргүзүү үчүн келген. Жолугушууда өлкөдөгү демократиялык өзгөрүүлөр, Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү, мамлекеттик деңгээлдеги маселелерди чечүүдө оппозициянын ролу талкууланды. Асылбек Жээнбеков өлкөдөгү саясий кырдаал, социалдык-экономикалык абал, ошондой эле укук коргоо жана фискалдык органдарда, сот бийлиги бутагындагы туташ кайра куруу тууралуу «биз коррупциядан кыйла тазаланууга алып келе турган парламенттик демократияга багыт алдык, биздин башкы максат - өлкөдөгү мыйзам үстөмдүүлүгү» деп айтты. ЕКПА делегациясы бүгүн Жогорку Кеңештин парламенттик фракцияларынын жана тармактык комитеттеринин жетекчилери менен да жолугушууларды өткөрөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан