Үй-бүлөдө пенсия алган ата-эне болсо, алардын колундагы неберелери тиешелүү жөлөк пул алуу укугунан ажырап калган жагдайлар буга чейин айтылып келген. Буга байланыштуу депутаттар Кенжебек Бокоев, Дамира Ниязалиева жана Надира Нарматова тарабынан "КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору демилгеленүүдө.
Долбоор бүгүн, 29-октябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинде каралды. Мыйзам долбоору калктын аялуу катмарындагы үй-бүлөлөрдүн балдарына 2015-жылдын 1-январынан тартып ай сайын
жөлөк пул төлөөнү камсыз кылууга багытталган.
"Үй-бүлөнүн жалпы кирешесине кошулуп келген пенсия, үйдөгү балдардын жөлөк пул алуусуна жолтоо кылган болсо, эми ал ченем азыркы өзгөртүүлөргө ылайык, жалпы тизмеден алынып салынат. Мындай ченемди кабыл алуу менен бюджеттен 580 миллион сомдон ашык каражат талап кылынат",- дейт депутат Кенжебек Бокоев. Мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылып, палатага жиберилди.