Биз социалдык тармакта

Ысык-Көлдө катамаран менен алыска сүзүп, кайра жээкке чыга албай калган 17 эс алуучуга жардам көрсөткөн жаран сыйланды

Ысык-Көлдө катамаран менен алыска сүзүп, кайра жээкке чыга албай калган 17 адамга жардам көрсөткөн жаран сыйланды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматынан маалымдашты.
Мекеменин билдирүүсүнө ылайык, жардам көрсөткөн жаран "Ысык-Көл" аэропортунун кызматкери.
"Манас" эл аралык аэропортунун жетекчилиги Ысык-Көлдө эс алуу учурунда эвакуацияга муктаж болгон 17 эс алуучуну сактап калган "Ысык-Көл" аэропортунун кызматкери Нурлан Рыскелдиевдин эрдигин жана дилгирлик көрсөткөндүгүн белгилешти.
Нурлан Рыскелдиев "Ысык-Көл" аэропортунун учууларды куткаруу жана өрткө каршы камсыздоо кызматынын кызматкери. Ага ыраазычылык билдирилип, аэропорттун кол сааты тапшырылды", - дешти мекемеден.
Эске салсак, мындан дээрлик бир ай мурда Тамчы айылында 5 катамаранды шамал жээктен 3 чакырым алыстыкка учуруп, жээкке чыга албай калган. Катамаранда 17 жаран болгонун ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dastanali
2021-07-21 21:30:59
Молодец, бирок кантип куткарган? Толук жазып койсонор
0
nazarnew
2021-07-21 22:16:51
Бир кагаз менен жасалма медаль карматат ошону менен уктайт, лучше акча бериш керек миң доллар.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан