30-октябрда өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Республика боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөндөгүдөй:
Чүй облусунда күндүз +11...+16°C, түнкүсүн -3...+2°C
Талас облусунда күндүз +10...+15°C, түнкүсүн 0...-5°C
Ош жана Жалал-Абад облустарында күндүз +11...+16°C, түнкүсүн -2...+2°C
Баткен облусунда күндүз +10...+15°C, түнкүсүн -1...+4°C
Ысык-Көл облусунда күндүз +7...+12°C, түнкүсүн -4...+1°C
Нарын облусунда күндүз +7...+12°C, түнкүсүн -4...-9°C
Бишкек шаарында күндүз +13...+15°C, түнкүсүн 0...+2°C
Борбор шаарда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.