Бишкектеги "Сүйүү" сейил багында массалык үлпөт тойду колдогон акция өтөт

Борбордогу "Сүйүү" сейил багында 30-октябрь күнү саат 16:30да массалык үлпөт тойду колдогон “Бекем үй-бүлө – бейпил өлкөнүн пайдубалы” аттуу акция өтөт. “Бир бол” коомдук фондунун берген маалыматына ылайык, аталган иш-чарага музыканттар чакырылып, концерттик программа уюштурулган. Акциянын максаты эне болуу, балалык менен бирге аял менен эркектин биргелешип үй-бүлө куруусун колдоо болуп эсептелет. Эске салсак, бүгүн, 30-октябрда Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин демилгеси менен 50 түгөйдүн үйлөнүү тою өткөрүлөт. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан