Парламенттин 30-октябрдагы жыйынында "Ата Журт" фракциясынын лидеринин милдетин аткаруучу Улукбек Кочкоров "Кумтөр" боюнча айыпталып, үстүнөн кылмыш иши козголгон депутат Курманбек Осмоновго ("Ата Журт") парламент жыйынынан 15 мүнөт убакыт берүүнү суранды. "Башкы прокуратуранын иши канчалык мыйзамдуу, муну коомчулукка ачык билдириш керек. Курманбек Осмоновго 15 мүнөт, башкы прокурорго 15 мүнөт убакыт берип, маалыматын угуп коёлу",- деди депутат. Бул сунушту депутат Курмантай Абдиев да колдоду.
Эскерте кетсек, "Кумтөр" келишимдерин түзүүгө катыштыгы бар деп 28-октябрда Курманбек Осмоновго Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон эле.