ЖКнын депутаты Талантбек Узакбаев “Кумтөр” боюнча үлүштү 67 пайыз кылуу демилгесин колдой турганын, бирок өткөн аптадагы добуш берүү учурунда парламентте болбой калганын ЖКнын 30-октябрдагы жыйынында билдирди. “Добуш бере албай калган депутаттар боюнча эл арасында туура эмес маалымат айтылып жатыптыр. Муну тактап коюш керек, "бул депутат иш сапарда болгону үчүн добуш бере албай калды, а бул депутат жыйында болуп добуш берген жок” деп. Мен “Кумтөр” боюнча жоопкерчиликтен качпайм”,- деди Узакбаев.