Москвадагы университеттеги кыргыз борборуна Айтматовдун ысымы берилди

Москва мамлекеттик лингвистика университетиндеги Кыргыз тили жана маданияты борборуна Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылды. Мындай чечим 28-октябрдагы ЖОЖдун окумуштууларынын кеңешмесинде кабыл алынган. Аталган университетте өткөн конференциянын жана аталган борбордун коноктору жазуучунун бир тууганы Роза Айтматова, КРнын Илимдер академиясынын вице-президенти Абдылдажан Акматалиев, СССРдин Эл артисти Болот  Шамшиев, Кыргызстандын Эл жазуучусу Казат Акматов, КРнын Орусиядагы элчиси Болот Жунусов жана башкалар болду. 

Мындай маалымат аталган окуу жайдын жетекчилери тарабынан билдирилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан