“Чыныгы инвесторлор негизги маселелер артта калганын түшүнөт”,- деди Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 30-октябрда бир катар өлкөлөрдүн элчилеринен ишеним грамоталарын алып жатып.
Президенттин сөзүнө караганда, ички дүң продукциянын жыл башынан бери өсүшү -9,2 пайызды, ал эми түз инвестициялардын өсүшү -40 пайызды түзгөн.
“Парадокс, Республикада күнүнө 2 митинг өтөт, бирок инвестиция баары бир өсүүдө, анткени чыныгы инвесторлор, анын ичинде ички инвесторлор да негизги маселелер артта калганын түшүнүшөт”,- деп кошумчалайт өлкө башчы.