Кыргызстанда чет өлкөдөн келип иштеп жаткандар боюнча 1-орунда кытайлар турат

 

Биздин республикабызга чет жерден келип иштегендердин жарымынан көбүн, тагыраак айтканда, 67 пайызын кытайлар түзүп, 1-орунда турат. Бул тууралуу  Эмгек, жаштар жана миграция министрлигинин статс-катчысынын милдетин аткаруучу Доскул Бекмурзаев бүгүн, 30-октябрда билдирди. Кытайлардын көпчүлүгү соода-сатык менен алектенсе, калгандары Кара-Балтада курулуп жаткан мунайды кайра иштетүүчү заводдун курулушунда, Бишкек- Нарын-Торугарт жолунун курулушунда эмгектенишет. 

 2-орунда Орусиядан, Түркиядан, Түштүк Кореядан келгендер ээлейт. Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин 2012-жылга карата маалыматы боюнча, Кыргызстанда эмгекке жарамдуу жарандардын 10 пайызы же 212 миң адам жумушсуз деп катталган.

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан