Биз социалдык тармакта

Орусияда мигранттарды массалык текшерүү болуп жатабы? Элчиликтин маалыматы

Кыргыз жарандарынын Орусия Федерациясынын компетенттүү органдары тарабынан текшерилүүсү, чет өлкөлүк жарандардын Москва шаарындагы "Кузьминки" метросундагы станциянын жанында болгон массалык кагылышууга катыштыгы бар-жоктугун аныктоо жана издөө иш-чараларынын улантылышы менен байланыштуу. Бул тууралуу Кыргыздын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.
Ага ылайык, Орусиянын укук коргоо органдарынын бул аракеттери биринчи кезекте мыйзамдуулукту жана тартипти орнотууга жана Орусия жарандарынын, ошондой эле ал жакта жашаган чет өлкөлүк жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган.
"Ошону менен бирге 2021-жылдын 15-июнундагы Орусиянын президентинин №364 "Жаңы коронавирус (COVID-19) инфекциясынын андан ары жайылуу коркунучуна байланыштуу Орусиядагы чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу боюнча убактылуу чаралар жөнүндө" жарлыгы менен 2021-жылдын 30-сентябрына чейин чет өлкөлүк адамдарга жана жарандыгы жок адамдарга карата Орусиянын аймагынан административдик чыгаруу же депортациялоо тууралуу чечим кабыл алынбайт.
Кыргыздын Орусиядагы элчилиги Орусиянын компетенттүү органдары менен тиешелүү иш-чараларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Ошондой эле Кыргыз жарандарынын, анын ичинде ушул жылдын 12-июлундагы окуяларга байланыштуу "Кузьминки" метросунун станциясынын жанында кармалган жарандардын укуктарын коргоо үчүн бардык зарыл чаралар көрүлөт", - деп билдиришти элчиликтен.
Белгилей кетсек, буга чейин социалдык түйүндөрдө Орусияда Кыргыз жарандарынын массалык текшерүүлөр жүрүп жатканы тараган.

Окуянын чоо-жайы:

Буга чейин Москва шаарындагы "Кузьминки" метро станциясынын жанында жүздөгөн мигрант массалык мушташ уюштурушканы белгилүү болгон.

Ал эми окуя тууралуу Кыргыздын Орусиядагы элчилиги билдирүү таратып, анда мушташтын себептери тууралуу айтылган кептер чындыкка дал келбейт деген.

Андан кийин мушташ кыздардын айынан келип чыккандыгын орусиялык басылмалар жазып чыгышкан. Ошондой эле Москвадагы мигранттардын массалык мушташы: Катышкандарга айып салынып, өлкөдөн чыгарыларын орусиялык басылмалар жазышууда.

Ошондой эле мигранттарды текшерүү мурункуга салыштырмалуу көбөйгөнүн мекендештердин бири айткан.

Андан соң Москвадагы мигранттардын массалык мушташына катышкан Кыргыз жарандары Орусиядагы Кыргыз өлкөсүнүн элчилигинде билдирүү жасашкан. Москвадагы "Кузьминки" метросунун жанындагы массалык мушташ боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги, кармалган Кыргыз жарандарынан кабар алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nurgazy.kanykei.abuw
2021-08-02 19:31:38
консулдагылар силер эч нерсени билбейсинер былтыйып эле олтурасынар
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан