30-октябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 миллиард 798 миллион метр кубду түздү
Токтогул
суу сактагычындагы суунун көлөмү 30-октябрга карата 15 миллиард 798 миллион
метр кубду түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКсынын басма сөз кызматы
билдирди. Маалыматка ылайык, суу сактагычка суунун агып кириши секундасына 220 метр
куб болсо, суунун агып чыгышы 457 метр кубду түзүүдө. 2012-жылдын 30-октябрында
суу сактагычтагы суунун көлөмү 17 миллиард 280 миллион метр кубду түзгөн.
Суунун агып кириши секундасына 198 метр куб болсо, агып чыгышы 354 метр кубду түзгөн.