Тайырбек Сарпашев: «Биз тарифтерди көз боёмочулукка сала берсек, энергетикадагы көйгөйлөр чечилбейт»
Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер
казнасын пайдалануу боюнча комитетинин 30-октябрдагы жыйынында кыш мезгилине даярдык
көрүү маселесин талкуулоонун жүрүшүндө вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев "Биз
тарифтерди көз боёмочулукка сала берсек,
энергетика тармагындагы дагы көйгөйлөр чечилбейт" билдирди. «Баалар саясий эмес, экономикалык түшүнүккө
айланмайын, энергетикада мындай көйгөйлөр боло берет. Биз тарифтерди көз
боёмочулукка сала берсек, энергетикадагы көйгөйлөр чечилбейт», - деди Сарпашев. Исхак Пирматов бааларды
жогорулатуу тууралуу билдирүүгө эртелик кыларын белгилеп: «Мен көз боёмочулукка каршымын,
бирок өкмөт бааны көтөрүү тууралуу билдирүүнүн алдында коррупциялык схеманы
толук жойбосо да, төмөнкү чекке жеткирүүсү тийиш. Бардыгы баскычтуу түрдө болушу
кажет, жоготууларды төмөндөтүп, коррупцияны жоюп, андан соң бааны жогорулатуу
тууралуу билдирүү туура болот”, - деди. Мындан сырткары "коррупцияны жоюп, андан
кийин бааларды жогорулатуу тууралуу сөз кылсак, анда 2 жылдан соң энерго-тутумду
жоготуп алуубуз мүмкүн" деп кошумчалады Сарпашев.