31-октябрда өлкөдө кээ бир райондордо жаан жаап, тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Республика боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөндөгүдөй:
Чүй облусунда күндүз +8...+13°C, түнкүсүн +1...+6°C
Талас облусунда күндүз +7...+12°C, түнкүсүн -3...+2°C
Ош жана Жалал-Абад облустарында күндүз +9...+14°C, түнкүсүн 0...+5°C
Баткен облусунда күндүз +7...+12°C, түнкүсүн 0...+5°C
Ысык-Көл облусунда күндүз +5...+10°C, түнкүсүн -3...+2°C
Нарын облусунда күндүз +7...+12°C, түнкүсүн -4...-9°C
Бишкек шаарында күндүз +9...+11°C, түнкүсүн +2...+4°C
Борбор шаарда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жамгыр жаашы мүмкүн.