Султан Каназаров «Азаттыктын» Бишкектеги кеңсесинин директору болуп дайындалды
Султан Каназаров «Азаттык» үналгысынын Бишкектеги кеңсесинин
директору болуп дайындалды. Буга чейин бул кызматты 2010-жылдын ноябрь
айынан бери Султан Жумагулов жетектеп келген. Белгилүү болгондой, жаңы директор радиостанциянын жамааты менен таанышты. Султан Каназаров мурда «Азаттыкта» иштеп, кийин
Роза Отунбаеванын басма сөз катчысы (2010-2011-ж.ж.) болгон. Андан соң
Өмүрбек Бабанов премьер-министр кезинде (2012-ж.) өкмөттүн басма сөз кызматын
жетектеген.