Улукбек Марипов Токиодогу XXXII жайкы Олимпиадалык оюндардын жеңүүчүсү, кыз-келиндер арасындагы күрөштө күмүш медалды жеңип алган Айсулуу Тыныбекованы куттуктады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Айсулуу, мен сизди Олимпиадалык оюндарда ийгиликтүү оюн көрсөткөнүңүз үчүн чын ниеттен куттуктайм. Жалпы мекендештердин атынан сизге айтаарым – сиз Азаматсыз! Бүгүнкү күмүшүңүз алтынга тете. Бул жалпыбызга зор дем берет. Биз сиз жана Олимпиадалык курама команданын жалпы мүчөлөрү менен сыймыктанабыз. Айсулуу, сизге жана сиздин ата-энеңизге жеңиш үчүн, жаркын маанай үчүн, өз өлкөбүз үчүн сыймыктануу мүмкүнчүлүгүн тартуулагандыгыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз!" - деди Улукбек Марипов.
Эскерте кетсек, Кыргыз өлкөсүнүн Олимпиадалык курама командасында грек-рим стилиндеги балбан
Акжол Махмудовдун күмүш медалы жана кыз-келиндер арасындагы күрөштө күч сынашкан
Мээрим Жуманазарованын коло медалы бар.