Ош гуманитардык педагогикалык институтунда жаңыдан окуу жайдын босогосун аттаган 1-курстун студенттеринин арасында "Таланттарды издейбиз!” аттуу сынак жарыяланууда. Анын жобосуна ылайык, студенттер фольклордук, көркөм окуу, эстрадалык жана хореографиялык жанрларда, ошондой эле өзгөчө өнөр боюнча өз таланттарын көргөзүшмөкчү. Алгач сынактын биринчи этабында факультеттерден таланттуу студенттер тандалат. Андан соң 5-6-7-ноябрь күндөрү сынак окуу жайдын деңгээлинде өткөрүлмөкчү. Эскерте кетсек, мындай сынакты окуу жай жыл сайын өткөрүп келет. Бул тууралуу институттун басма сөз кызматы кабарлайт.