Биз социалдык тармакта

Айсулуу Тыныбекованын күмүш медалын тагынып сүрөткө түшкөн Мелис Турганбаевге сындар айтылды

Социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында күмүш медаль тагынган балбан кыз Айсулуу Тыныбекованын эмоция тартуулаган сүрөттөрү, видеосу интернетке жайылууда. Алардын арасында мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаевдин балбан кыз менен түшкөн сүрөтү талкууга алынды. Тагыраагы, көпчүлүк Мелис Турганбаевдин балбандын күмүш медалын тагынып сүрөткө түшкөнү этикага туура келбейт деп сындашууда.

Эркин күрөш боюнча "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында мекендешибиз Айсулуу Тыныбекова күмүш медаль утту. Балбандын финалдык беттеши 4-августта Бишкек убактысы менен саат 17:55те орун алган. Анда Айсулуу Тыныбекова Юкако Каваиден намыс талашып, эсеп 3:4 эсебинде Каваинин жеңиши менен аяктады.

Бул эгемендүү кыргыз тарыхындагы үчүнчү күмүш байге.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Belek1710
2021-08-05 10:55:11
Жаш балага окшоп эжесиникин тагынгандай болуп калыптыр, туура эмес го.
+11
Salixa.
2021-08-05 11:30:32
медал тагынуу ар бир спортчунун кыялы ...
+5
bema_bema
2021-08-05 12:58:45
Койгулачы эми тагынса тагынаттыр эмне болуптур ичти кенейткиле,жамандай берсек жаман болоберет ошон учун онукпой артка кетебизда ичи таардыкдан
+4
Antiradikal3
2021-08-05 14:06:05
bema_bema, бироонун медалын тагынып башына урабы? Сен коншулардын кийимин кийип чонойгон эмессинби?!
0
Antiradikal3
2021-08-05 14:06:14
Тупизм.........
+7
Kamchy-bek
2021-08-05 23:10:13
Экинчи тагынбай жүр, уят болот...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан