Биз социалдык тармакта

"Токио-2020": Олимпиадага Кыргыз өлкөсүнүн атынан барган делегациянын курамы

Социалдык тармактарда Токиодо өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндарына Кыргыз өлкөсүнөн спортчуларды коштоп кеткен делегациянын курамы талкууга алынууда.
Анын арасында президенттин мурдагы маалымат катчысы Галина Байтеректин дарегине бир катар сындар айтылып, Байтерек өзү SUPER.KG порталына делегациянын курамына кандай негизде киргени боюнча комментарий берген.

Ал ортодо Токиодогу Олимпиада оюндарында коло медаль тагынган Мээрим Жуманазарованын жана 5-орунга ээ болгон Айпери Медет кызынын биринчи машыктыруучусу Дүйшөн Жуманазаров машыктыруучу катары спортчуларды коштоп Токиого барбай калганына капа экенин айтып чыкты.

Олимпиада башталганга чейин ага барчу делегациянын курамы маалымдалган. Бирок дал ушул тапта Токиого кеткен делегацияга коомчулук кызыгуу артып турган чак. Мындан улам биз Токиодогу Олимпиада оюндарына Кыргыз өлкөсүнөн барган делегациянын курамын спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын маалымат кызматынан сурап билдик.

Делегациянын курамы:

Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы - Саламат Эргешов;

Улуттук олимпиада комитетинин кызматкери - Чолпон Жумагазиева;

Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын директору- Нурлан Исмаилов;

Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин спорт бөлүмүнүн башчысы - Марат Аскарбеков;

Улуттук олимпиада комитетинин мүчөсү жана спорт журналисттери федерациясынын башкы катчысы - Кабыл Макешов.

Президенттин администрациясынын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнүн башчысы Галина Байтерек.

Федерациянын өкүлдөрү:

Улуттук олимпиада комитетинин президенти - Шаршенбек Абдыкеримов;

Улуттук олимпиада комитетинин биринчи вице-президенти - Канат Аманкулов;

Азия дзюдо союзунун вице-президенти - Жолдошбек Көлбаев;

UWW Азиянын вице-президенти - Мелис Турганбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
nurbek56
2021-08-05 13:02:25
Галина Байтерек пок барбы андан кийинкилерге не бар экен каражат кетирип Мээридин атасын жонотпойбу дух берет эле кызына Айсулууга
+8
Pankration_MMA
2021-08-05 13:07:47
nurbek56, Ал желек көтөрүп турганы барган окшойтта)).
+7
Pankration_MMA
2021-08-05 13:06:12
Мынчаң ызылдап эмне кыласыңар ал жакта? Спортчулардан делегация көпко.
+11
Pchelka85
2021-08-05 13:11:21
"ТОКИО 2021" ЭМЕСПИ???.
-8
Pankration_MMA
2021-08-05 13:13:34
Pchelka85, Расмий "Токио-2020" да, атак быйыл өтүп ататта, Евро-2020 футболго окшоп!
+4
Qwer007
2021-08-05 13:16:09
Бир жумушчу, анын устунон прораб, завхоз, зам прораб, зам зам прораба, инструктор, зам инструктора, советник, директор, зам директора дегендей элего
+20
Pankration_MMA
2021-08-05 13:23:10
Qwer007,+++++))))))
+2
Mirnar
2021-08-05 13:59:44
Qwer007,+++++
+3
KaGaH
2021-08-05 13:53:27
Жолдошбек Колбаев,Камчынын иниси
+7
Shaa-82
2021-08-05 13:53:32
Калп эле спорт деген созду кошуп алып эле барыша бериптирда а ызылдашып акчаны кетиришип.
+8
Antiradikal3
2021-08-05 13:56:50
Бийлик кыйратып жатат дейсинер, мына кыйратып жатканы. Элементарный делегацияны карагыла. Галина Байтерек, Мелис Турганбаев, дзюдо союзунун вице-президентине, Окмоттон Марат Аскарбеков дегендерге чындап эле бок барбы? Алар эмнеге барышы керек эле?

Улуттук олимпиада комитетинен 5 киши барыптыр. Бешоо эмес, экоо барса жетпес беле?! Ушул шагыраган ашка жук, башка жук 10 адамдын ордуна 3-4 барса ашыгы менен жетмек. Андан коро машыктыруучуларды жонотсо болбойбу?! Тупизм!!!
+6
al-abu-kinesz
2021-08-05 14:03:14
Antiradikal3, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев ушуга да аралашып сен барба сен бар дейт беле? Алардын оз иштери бар, булардын да оз иш ери бар. Делегациянын мучолорун тузо турган адамдар бар, аны жогорку бийликтегилер тузбойт.
-6
basyz-kaman
2021-08-05 14:08:01
Кыргызым чукулашып жүрүп качан өнүгөөр экенбиз... Баргандардын баары тиешелүү адамдар экен. Шагырап кереги жок 20-30 адам барып алган жери жок.
-10
Stels
2021-08-05 14:44:58
Дзюдо союузунун вицеси эмне кылып журот? Дзюдо ну кыйратып таштагансып! Дзюдодон бирди жарым спортчу барды беле озу?
+5
Egizderim-baktim
2021-08-05 15:14:38
Организациянын президенттери эмне куч дух берди аерге барып алып. Бизден ким барганын алар ким экенин, спортчуларыбыз билбей деле калды болуш керек. Омурундо корбогон атын укпаган адамдар
+4
Alishdaman
2021-08-05 16:21:39
Бул тизменин баарын бака терек тузуптур
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан