Биз социалдык тармакта

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги Дүйшөн Жуманазаров эмне үчүн Олимпиадага барбагандыгынын себебин айтты

Олимпиада оюндарына катышып жаткан спортчулардын биринчи машыктыруучусу делегациянын курамында барышы керек деген пикир жаңылыш, андай болсо бардык спортчулардын биринчи машыктыруучулары квота алмак. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирүү таратты.

Токиодогу оюндардын уюштуруучуларынын талаптарына ылайык, квота президенттик администрациянын расмий делегациясына, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине берилген.

Башкача айтканда, делегациянын мүчөлөрү үчүн Эл аралык Олимпиада комитетинин Аткаруу комитети тарабынан жеке квоталар берилген.

"Өлкөнүн курама командаларынын жана спортчуларынын квоталары Улуттук олимпиада комитетине берилген лицензияларга ылайык бекитилген. Курама командага башкы машыктыруучу, улук машыктыруучу, мед.персонал (дарыгерлер, массажисттер жана ковид офицери) кирген.

Олимпиадалык оюндарга спортчулардын даярдыгы жана көрсөткүчтөрү үчүн эл аралык тажрыйбасы бар башкы жана улук машыктыруучу Нурбек Изабеков менен Байгазы Кенжебаев жооптуу.
Спортчуларды кичинекей кезинде машыктырган биринчи машыктыруучуларына квота каралган эмес.
Белгиленген эл аралык нормаларга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык,
бардык биринчи машыктыруучулар спортчуларды курама командага киргенде, өз тарбиялануучуларын өлкөнүн курама командасынын башкы машыктыруучусуна өткөрүп беришет.
Биринчи машыктыруучу делегациянын курамында барышы керек деген пикир жаңылыш, андай болсо, бардык спортчулардын биринчи машыктыруучулары квота алмак.
Улуттук олимпиада комитетинин өкүлдөрүнүн жана федерациялардын өкүлдөрүнүн сапарына байланыштуу биз аларга мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүнбөгөнүн белгилейбиз. Алар дагы Улуттук олимпиада комитетинин квотасы боюнча барышкан.
Президенттин администрациясынын жана мамлекеттик Спорт агенттигинин кызматкерлеринин сапары мамлекетти эл аралык аренада көрсөтүү жана спортчуларыбыздын даярдануу жана жашоо-шарттарын көзөмөлдөө үчүн милдеттүү түрдө болуп саналат", - деп айтылат агенттиктин маалыматында.
Буга чейин Олимпиада башталганга чейин ага барчу делегациянын курамы маалымдалган.
Ал ортодо Токиодогу Олимпиада оюндарында коло медаль тагынган Мээрим Жуманазарованын жана Айпери Медет кызынын биринчи машыктыруучусу Дүйшөн Жуманазаров машыктыруучу катары спортчуларды коштоп Токиого барбай калганына капа болгонун билдирген.
Социалдык тармактарда президенттин администрациясынын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнүн башчысы Галина Байтеректин Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында делегациянын курамында барганын көпчүлүк сынга алган. SUPER.KG порталы Токиодо жүргөн Галина Байтерекке байланышканыбызда төмөнкүлөрдү билдирген.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Pankration_MMA
2021-08-06 00:16:49
Баарибир он киши барышыптыр, спортчулар 14 эле, анчанын эмне кереги бар ызылдап, бирөөң калып ордуңа тиги кишини кошуп койсоңор болбойбу?
+5
TIMON_BERKOWITZ
2021-08-06 00:17:14
Жонглирование словами - успешный ход для дипломата, раздражительный поступок для народа!
+4
Pankration_MMA
2021-08-06 00:17:42
Жалган, шылтоолоруңар эч эле бүтпөйт экенда!!!
+5
Sara1993
2021-08-06 09:34:58
Эми актанып башташты, дайыма ушундай муну бир гана ГОС органдарда иштегендер тушунот.
+2
Antiradikal3
2021-08-06 10:13:32
Улуттук олимпиада комитетинен 5 киши! Керек беле бешоо барганы? Экоо барса жетпейби? Болгону 19 спортчу барса. Итибай ситибайы 10 болсо, каяктагы Мелис Турганбаев, Бака теректери болуп. Туштон кийин актанып не керек?!
+1
Alixan-Nookat.2015
2021-08-06 15:37:06
Мамлекеттик ишканалардагы кызматкерлерге чет жерге бир айлык, бир жумалык иш сапарларга квоталар келет экен жыл сайын, ал квоталарга Бишкектегилер эле барып алыскы райондордо, облустарда иштеген кызматкерлер унутта калып жүрө берет экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан