Осмонбек Артыкбаев: “Кыргызстанда энергетика тармагы кризиске туш болуп жатат”

Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев 31-октябрда эл аралык “Энергетика секторун реформалоо” конференциясында “Кыргызстанда энергетика тармагы кризиске туш болуп жатат” деп билдирди. Анын айтымында, 2014-жылы 1-апрелге карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 миллиард метр кубду түзүүсү үчүн бардык жашоочулар электр энергиясын пайдаланууда лимитти сакташы керек. “Ошондо кийинки жылуулук берүү сезонуна даярдык көрө алабыз. Энергетика тармагындагы каржы таңсыктыгы 6 миллиард сомду түзөт. Энергетиктерге жеке казынасынан калкты каржылоого туура келип жатат”,- деди Артыкбаев. Аталган тармакта реформалоо жүрүп жатканын жана 2015-жылы республика боюнча 750 миң “акылдуу эсептегич” коюларын кошумчалап: “Бул жоготууларды кыскартууга мүмкүндүк берет. Бирок каржы таңсыктыгын жоюу үчүн бааларды көтөрүшүбүз керек. Ким комфортто жашагысы келсе, электр энергиясы үчүн көп төлөшү керек”,- деди министр. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан