Ош. “Кыргыз тили” коомунун жетекчиси Райымжан Курбанов ОГПИнин студенттери менен жолугушту

Кечээ, 30-октябрда “Кыргыз тили” коомунун жетекчиси Райымжан Курбанов Ош гуманитардык педагогикалык институтунун студенттери  жана окутуучулары менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Райымжан Курбанов кыргыз жана казак элинин белгилүү акындарынын ырларынан көркөм окуду. Андан соң студенттердин суроолоруна жооп берди. “Башка элдин тилин четке кагуу - текеберчилик, өз тилин унутуу маңкурттук. Ошондуктан башка элдин тилин үйрөнүү менен кыргыз тилин эч качан унутпай, ар дайым өнүктүрүп тургула”,- деди жолугушуунун соңунда Райымжан мырза. Бул тууралуу аталган институттун басма сөз кызматы кабарлады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан