Sinopharm жана Pfizer вакциналары күз мезгилинде өлкөгө алып келинет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашовага шилтеме берүү менен республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, COVAX механизминин алкагында сентябрь айынын аягында Кытайдын Sinopharm вакцинасы кайтарымсыз түрдө келери күтүлүүдө, ошондой эле күздүн ортосунда Pfizer вакцинасынын 259 миң дозасы алып келинет.
"2022-жылдын биринчи кварталында Дүйнөлүк банктын донордук колдоосунун линиясы менен Moderna вакцинасы келиши маселеси каралууда. Биз дипломатиялык каналдар аркылуу чет өлкөлүк кесиптештерибиз менен келечектеги вакциналарды алуу боюнча ишти улантуудабыз", - деп билдирген Бакашова.