Республика боюнча коронавирустан дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен дагы 73 жаран айыкты делинип, ооруканалардан чыгарылды. Маалымат саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев тарабынан маалым болду.
Бишкек шаары – 30;
Чүй облусу – 13;
Ош шаары – 20;
Ош облусу – 1;
Нарын облусу – 2;
Жалал-Абад облусу – 7.
Бүгүн, 1-июлга карата өлкө боюнча коронавирус илдетин жеңгендердин жалпы саны 2443 болду.