Биз социалдык тармакта

Ош шаарына мэр болуп барганына 4 күн болду. Алмаз Мамбетов жумушун эмнеден баштады?

Мамлекеттик каттоо кызматынын экс-төрагасы, президенттин мурунку иш башкармалыгынын жетекчиси Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучусу болуп дайындалганына 4 күн болду. SUPER.KG порталы ал алгач эле иш күнүн эмне менен баштады, учурда кандай иштер менен алек болууда деген өңдүү суроолорго жооп алды.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын өкүлү Замира Ныязбекованын айтымында, Мамбетов бардык муниципалдык мекемелердин жетекчилери, бөлүм башчыларынан отчёт алууда.

"Бүгүнкү күндө Алмаз Мамбетов бардык муниципалдык мекемелердин жетекчилерин кабыл алып, алардын иш планын, буга чейин аткарылган жумуштарын жана келечектеги пландары боюнча жеке сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Мисалы, ар бир тармакты өзүнчө экономикалык тармак, чарба жана транспорт тармагын жана башкалардын ар бир жетекчисин кабыл алууда.

Мындан сырткары Ош шаарында болуп жаткан ири долбоорлор, аткарылып жаткан иштерди жеринен көрүп келүү максатында иштерди аткарып жатат. Ошондой эле курулуп жаткан социалдык объектилерге дагы барып көрүп келди. Ал эми суу маселеси боюнча Ак Буура дарыясында болуп жаткан долбоор менен таанышып, курулуп жаткан бала бакчаларга дагы барууда", - деп билдирди Ныязбекова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Dembele84
2021-08-06 13:33:50
Только таанышып жатыптыр,а качан ишти баштайт экен?
+4
Asmat84
2021-08-06 13:49:08
Эки мэр бири бири менен атаандашып иштейт экен да Оштун мэри мынтиптир Бишкектин мэри мынтиптир деп аа
+2
Luntik
2021-08-06 15:42:13
Бул маммолог мэрдин Пиарщиги слабый экен,тиги Бишкектин мэринин кенешчиси пиарды тытып атат ой, тигини кылды муну кылды, тигини ондоп атат муну ондоп атат деп...жакшылап иште Оштун мэри ал жакка барып алаып да маммолог болуп журбо:)


0
nazira...
2021-08-06 16:47:54
Ооба, сарыбашев пиардын папасы. Өллө жакшы көрөт, барган жеринде камера жок болсо сүйлөбөй коет. Өзүнөн мурун камера болуш керек, элге көрсөтүш керек, мэр иштеп атат болуш керек. Ал Эми бул очкарик кантип иштейт билбейм, ошто суу токтосо Бишкектен специалистерди чакырдым деп элдин жинине тийип алды. Кыйратпайт окшойт, бир нерсе болсо эле бишкектен чакырта берип бюджеттин акчасы бишкектен келгендер менен өзүнүн бишкекке кетип, келген жолкирелерине кетирет окшойт.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан