Каныбек Осмоналиев облустук кесиптик-техникалык лицейлердеги “өлүү жандарды” текшерүүнү сунуштады

Депутат Каныбек Осмоналиев 31-октябрдагы пленардык жыйында Башкы прокуратурага облустук кесиптик-техникалык лицейлердеги “өлүү жандарды” текшерип, аныктоону сунуштады. Анын айтымында, окуу жайларда коррупция “бийлик” кылууда. “Биз көчмө жыйын менен Ысык-Көл облусунда болгонубузда Түп районундагы 289 адам окуйт деген кесиптик-техникалык лицейде 6 адам окуп жатат. Экинчи лицейде 152 адам деп көрсөтүлүп, болгону 8и окуп жаткан. Жетекчилер калган окуучулар кайда экенин айта алышкан жок. "Кар жаап койгондуктан келишкен жок, куран окутканы кетти" деген шылтоолорду айтып жатышат. Бул жерде коррупция бар экени көрүнүп турат”,- деди Осмоналиев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан