Депутат Курманбек Дыйканбаев 9 айдан бери өкмөттүн Түптөгү жер титирөөдөн зыян тарткандарга жардам бербегендигине нааразы болду

"Кыргызстандын Ысык-Көл облусундагы Түп районунда жаз айларында болгон жер титирөөдөн зыян тарткан 300дөй адам азыркы мезгилге чейин туугандарыныкында жашап, садага тамак ичип жатышат, качан өкмөттөн жардам болот?" -  деди «Республика» фракциясынын депутаты Курманбек Дыйканбаев 31-октябрда ЖКнын пленардык жыйынында. 

«Өкмөт, буга көңүл буруп койгула» деп айтып келе жатабыз, бирок эч натыйжа чыкпай жатат. 9 ай өттү. Сертификат, бир тыйын албаган үй-бүлөлөр дагы деле бар. 500 миң сомдон берип коюшту, бирок азыр көмүрдүн баасы 8-9 миң сом болуп турганда үйлөрүн кайра калыбына келтирүүгө мынча акча жетпейт. Жакында кышка болгон даярдык маселеси каралат, кантип биз өкмөткө баа беребиз? Буга ким жооп берет?» - деп cуроо салды К.Дыйканбаев.

Мындай маалыматты Жогорку Кеңештин «Республика» фракциясынын катчылыгы бүгүн, 31-октябрда билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан