Бүгүн, 31-октябрда “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду “Билим кербени” менен Ала-Букада болду. Аталган райондун Ала-Бука айыл аймагындагы “Күнчубак” балдар бакчасынын абалы менен таанышып, балдарга кызыктуу оюндарды уюштурушту.
“Жылдыздар жомок окушат” акциясынын алкагында “Мектеп-Школа” журналынын башкы редактору жана көз карандысыз эксперт Миргүл Эсенгулова Гуля Чернованын “Ойноок шамал жана айлангөчөк” жомогун балдарга окуп берип, маанайларын көтөрдү. Ал эми балдар бакчасынын 5 жаштагы тарбиялануучусу Алина Алибаева “Рапунцель ” жомогун айтып берди. “Күнчубактын” жетекчиси Бурулкан Карабаеванын айтымында, бул жерде 360 бала тарбияланат.