Карамат Орозова: “Баткен облусуна чек арачылар наам алганы гана барышат”

Жогорку Кеңештин 31-октябрдагы пленардык жыйынында депутат Карамат Орозова “Баткен облусуна чек арачылар наам алганы гана барышат” деп билдирди. Депутаттын айтымында, Баткен облусунда жайгашкан чек ара бекеттеринде кадрлардын жетишсиздиги кадимки көрүнүшкө айланган. “Адистердин жетишсиздиги айлык акынын аздыгы жана шарттын оордугунан дешет. Чындыгында андай эмес, ал жакка чек арачылар наам алыш үчүн гана убактылуу барып жатышат. Ага чейин аларды иш-шарты анча ойлондурбайт”,- деди Орозова. Мындан сырткары жергиликтүү тургундардын арасынан адистерди даярдоого мезгил келип жеткенин кошумчалады. “Чек араларды бекемдөө максатында жергиликтүү тургундардан адистер даярдалса, бул багытта туруктуулук орун алмак”,- деп белгиледи эл өкүлү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан