Ош. Шаар башчы Мелис Мырзакматов Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясын кабыл алды

Кечээ, 30-октябрда Оштун мэринин милдетин аткаруучу Мелис Мырзакматов Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясын жана Швейцариянын парламенттеги депутаты Андреас Гроссту кабыл алды. Андреас Гросстун келүүсүнүн негизги максаты - Ош шаарындагы жана облустагы улуттар аралык мамиленин жагдайы менен таанышуу. Мырзакматов Европа кеңешине оор кырдаалдарда жана Июнь окуясынан кийинки мезгилдерде көрсөткөн жардамдары үчүн ыраазычылыгын билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө: “Кыргыз жана өзбек улутундагы жарандар ортосунда бизде пикир келишпестиктер болбойт. Пикир келишпөөчүлүктөрдү курал-жарактар менен камсыз кылган күчтөр пайда кылууда”,- деди бул тууралуу Мелис Мырзакматов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан