Башкы прокурор А.Салянова депутат Р.Жээнбековго: “Кумтөр” боюнча түздөн-түз күнөөлүүсүз, бизге акыл үйрөтүүгө моралдык укугуңуз жок”

Парламенттин 30-октябрдагы жыйынында депутат Равшан Жээнбеков башкы прокурор Аида Салянованын дарегине Жети-Өгүздөгү кырдаал боюнча көп сын айтты. Айтымында, 7-октябрда Каракол шаарында укук коргоо органдары тарабынан митингчилердин сабалганы чын. Муну Башкы прокуратура жалган деп айтып, чындыкты жашырып жатат.  

Жыйындын аягында сөз сүйлөгөн Салянова депутатка тийиштүү жооп кайтарды. “Кумтөр” боюнча кырдаалдын азыркыдай абалга келишине түздөн-түз сиздин күнөөңүз бар. Бизге акыл үйрөтүүгө моралдык укугуңуз жок”,- деди башкы прокурор.

Айта кетсек, Равшан Жээнбеков 2001-2005-жылдары Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетти жетектеп турган. Жээнбеков ал учурда “Кумтөр” боюнча пайдасыз келишим түзүүгө орун басары кол койгонун айтып келет. Орун басары учурда жарык дүйнөдө жок.    

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан