Ош. Аялдын жансыз денеси өз үйүнөн табылган

29-октябрда саат 13:30 чамасында Ош шаарынын Мирсатова көчөсүнүн 1-үйүнүн жашоочулары ошол эле үйдүн 19-батиринин ичинен жагымсыз жыт чыгып жаткандыгы тууралуу Ош шаарындагы Ак-Буура милиция бөлүмүнө кабарлашкан. Окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруу кызматы барып, альпинисттердин шаймандарынын жардамында үйдүн терезесинен кирип, эшигин ичинен ачышкан. Жыйынтыгында үй ээси, 1933-жылы туулган М.А. аттуу аялдын жансыз денеси табылган. Аталган факт боюнча учурда иликтөөлөр жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан