Биз социалдык тармакта

Бишкек шаардык кеңештин депутаты катышкан мушташ. Алга Кылычовдун абалы туруктуу

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Алга Кылычовдун абалы туруктуу. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкектеги травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, Алга Кылычов учурда ооруканада жатат.

Эске салсак, 7-августта милицияга Ак-Ордо конушундагы турак үйлөрдүн биринде А.К. аттуу жарандын бутуна ок тийгени тууралуу билдирүү келип түшкөн. Жабырлануучу Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна "Тез жардам" кызматы менен жеткирилген.

Жабырлануучунун жубайынын айтымында, жолдошу менен Бишкек шаардык кеңешинин депутаты телефон аркылуу уруша кетишкен. Көп өтпөй эле депутат Т.Т. ак түстөгү унаасы менен А.К.нын үйүнө келген. 10 мүнөттөн кийин ок атылган үндү угуп, сыртка чуркап чыкканда жолдошу жаракат алган абалда жерде жатканын көргөн. Бул арада Т.Т. унаасына отуруп, жогорку ылдамдыкта белгисиз тарапка кетип калган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-берене ("ээнбаштык") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

"Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Таалай Темиркулов жана Алга Кылычовдун ок атышуу менен коштолгон урушту бул партияга тийиштүү суроо эмес, бул алардын ортосундагы маселе экенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Tursunbaev1978
2021-08-09 17:59:48
Актап койгула бир жолу,сүттөн ак деп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан