Биз социалдык тармакта

Бишкек шаардык кеңештин депутаты катышкан уруш. "Социал-демократтар" партиясынын лидери окуя боюнча комментарий берди

"Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Таалай Темиркулов жана мурунку президенти Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Алга Кылычовдун ок атышуу менен коштолгон урушу боюнча комментарий берди.

Анын айтымында, бул партияга тийиштүү суроо эмес, бул алардын ортосундагы маселе.

"Мен экөө менен тең сүйлөштүм. Бул көрүнүш шаардык кеңештин депутаты үчүн уят экенин айттым. Бул маселе боюнча катаал чаралар көрүлөт деп ойлойм, мисалы, партиядан чыгаруу сыяктуу. Бул ишти укук коргоо органдары тергеп жатат, иликтөөнүн жыйынтыгына карата чечим чыгарылат.

Мен ойлойм аларга карата 100 сааттык коомдук жумушка тартуу чечимин чыгаруу керек. 10 мүнөт көңүл ачып, эми 100 саат көчөлөрдү шыпырсын, эл алдына күнөөлүү болуп жатышат да", - деп сөзүн жыйынтыктаган ал.

Эске салсак, 7-августта милицияга Ак-Ордо конушундагы турак үйлөрдүн биринде А.К. аттуу жарандын бутуна ок тийгени тууралуу билдирүү келип түшкөн. Жабырлануучу Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна "Тез жардам" кызматы менен жеткирилген.

Жабырлануучунун жубайынын айтымында, жолдошу менен Бишкек шаардык кеңешинин депутаты телефон аркылуу уруша кетишкен. Көп өтпөй эле депутат Т.Т. ак түстөгү унаасы менен А.Кнын үйүнө келген. 10 мүнөттөн кийин ок атылган үндү угуп, сыртка чуркап чыкканда жолдошу жаракат алган абалда жерде жатканын көргөн. Бул арада Т.Т. унаасына отуруп, жогорку ылдамдыкта белгисиз тарапка кетип калган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-берене ("ээнбаштык") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
assanov97
2021-08-09 13:26:33
100 саат эмес камаш керек 3-7 жылга
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан