Премьер-министр "өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөтүүгө негиз жок" дейт

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөтүүгө негиз жок деп эсептейт. Бул тууралуу премьер-министр бүгүн, 31-октябрдагы маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, өкмөттүн ишине бир гана "Кумтөр" боюнча эмес, жалпы баа берилиши керек. “Мен азырынча өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөтүү тууралуу маселе коюуга негиздерди көргөн жокмун”, - деди Сатыбалдиев. Буга чейинки Жогорку Кеңештин жыйындарында өкмөт "Кумтөр" боюнча маселени канааттандырарлык чечпегенине байланыштуу депутат Эркин Алымбеков ишенбөөчүлүк көрсөтүү демилгесин айткан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан