Орусиянын курулуш, архитектура тармагында ишмердүүлүк жүргүзгөн жергиликтүү компанияларынын бири Кыргыз жарандарына эмгек акы төлөгөн эмес. Бул туралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен кабарлашат.
Маалым болгондой, "НЖ строй" компаниясынын 49 Кыргыз жаранына айлык акы бербеген факты боюнча 5-августта консулдук бөлүмдүн кызматкерлери жумуш берүүчүлөр менен жолугушуу өткөрүштү.
"Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бардык 49 мекендешибизге 3 миллион 412 миң 420 рубль өлчөмүндө эмгек акы төлөнүп берилди. Бул иш-чара Орусиядагы Кыргыз жарандарынын эмгек укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону уюштуруунун алкагында өтүп жатат", - дешет элчиликтен.
Эске салсак, буга чейин Орусиядагы "Звезда" компаниялар тобу" жоопкерчилиги чектелген коомунда иштеген
10 Кыргыз жаранына эмгек акысы төлөнбөй, элчиликтин кийлигишүүсү менен мигранттардын маселеси чечилген.