Орусияда 10 Кыргыз жараны маянасын ала албай калышкан. Элчиликтин кийлигишүүсү менен маселе чечилди

Орусияда эмгектенип жүргөн Кыргыз жарандары иш берүүчүлөрдөн айлык-акысын ала албай жүрүшкөн. Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги мекендештердин акчасын алууга көмөктөштү.
Элчиликтен кабарлашкандай, Орусиядагы "Звезда" компаниялар тобу" жоопкерчилиги чектелген коомунда иштеген 10 Кыргыз жаранына эмгек акысы төлөнгөн эмес.
"Бул факты боюнча 5-августта консулдук бөлүмдүн кызматкерлери аталган ишканага барып келди. Иш берүүчүлөр менен болгон сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында 10 мекендешибизге 1 миллион 47 миң 625 рубль өлчөмүндө эмгек акысы төлөнүп берилди. Бул иш-чара Орусиядагы Кыргыз жарандарынын эмгек укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону уюштуруунун алкагында өттү", - дешти басма сөз кызматынан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nura74
2021-08-08 15:11:06
Азаматсыздар!Алла ыраазы болсун!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан