Бүгүн, 31-октябрда маалымат жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев “Кумтөр” боюнча депутаттар менен соодалашуу болбойт” деп билдирди. “Кумтөр” боюнча өкмөт өз ишин жасап, парламентке сунуштаганын айткан Сатыбалдиев: “Кумтөргө” байланыштуу жыл сайын өкмөт алмаша берсе, анда өлкөдө туруктуулук болбойт. Биз эмне үчүн үлүштүн 50х50 пайыз болушун каалайбыз? Муну менен биз мыйзамдуу түрдө кирешени тең бөлүүгө жетишебиз. Салык жана башка төлөмдөрдү эске алганда, үлүшүбүз 50 пайыздан ашык болот”,- деди.