Биз социалдык тармакта

8 айдан кийин дайынын билдирди. Изделип жаткан Бөрүбай Асылбек уулу табылды

Дайынсыз болуп изделип жаткан Баткен облусунун 24 жаштагы Бөрүбай Асылбек уулу аттуу тургуну табылды. Маалыматты бүгүн, 11-августта Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

Буга чейин Айдаркен шаарынын Жаңы-Коргон айылынын 1997-жылы туулган тургуну Бишкек шаарына акча табуу максатында жумуш издеп кетип, 2021-жылдын январь айынан баштап байланышка чыкпай, жүргөн жери белгисиз болуп жаткан.

"Кадамжай РИИБинин кызматкерлеринин издөө иштеринин натыйжасында Асылбек Бөрүбай уулу ата-энесине жана бир туугандарына байланышка чыгып, Орусиянын Красноярск шаарында экенин билдирген", - дешти мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан