Баткен облусунун 24 жаштагы Бөрүбай Асылбек уулу аттуу тургуну дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын Жаңы-Коргон айылынын 1997-жылы туулган тургуну Бишкек шаарына акча табуу максатында жумуш издеп кетип, 2021-жылдын январь айынан баштап байланышка чыкпай жүргөн жери белгисиз болууда.
Бул факты боюнча Кадамжай РИИБинин милиция кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүүдө.
Изделип жаткан жарандын белгилери: бою 165-170 сантиметр, кашы, көзү кара, дене түзүлүшү арыкчырай.
Эгерде кимдир бирөө сүрөттөгү жигитти таанып, жүргөн жерин аныктап калса төмөнкү телефондорго кайрылса болот: (03655) 5-02-29; 0704 27-64-16.