Жогорку Кеңештин 31-октябрдагы жыйынында “Кыргызстандагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Мыйзам долбооруна ылайык, мурда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн окуп жаткан 23 жашка чейинки балдарына жөлөк пул төлөнүп келген болсо, эми ал жаш куракты 18 жаш деп чектелет. Мыйзам долбоорунун демилгечилери 23 жашты 18 жашка түшүрүү менен бюджеттик чыгым 56 миллион сомго үнөмдөлө турганын айтышууда. Үнөмдөлгөн каражат ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын жөлөк пулдарын жогорулатууга жумшалат.