Тажикстандын аскерлери чек ара тилкесиндеги аймакта окоп казып баштаган. Бүгүнкү күндө окоп казуу иштери токтотулуп, райондук деңгээлде сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул туурасында президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев тарабынан бүгүн, 12-августта белгилүү болду.
"Тажик тарап чек ара аймагында окоп казып жаткандыгы тууралуу маалымат түшүп, кийинчерээк тастыкталды. Бул маселе боюнча бүгүн эртең менен күч тузүмдөрүнүн, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен талкууладык. Согдий облусунун губернатору менен сүйлөшүү жүргүзүп, учурда акимдер, милиция кызматкерлери жолугушуп жатышат.
Ал эми окоп казуу иши токтотулду. Тажик тарап казылган окопторду кайра көмүшөт", - деди ал.