Камчыбек Ташиев: “Саясатчылар 3 топко бөлүнөт, алар...”

Бүгүн, 31-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунда шайлоочулар менен жолугушуу өткөргөн Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Камчыбек Ташиев топтолгон элге саясатчылар 3 топко бөлүнө турганын айтты. 

“Биринчиси – ар дайым депутат же министр боло бергендер. Кайсы бийлик келсе да, карасаң алар депутат же министр. Бул бийлик менен байлыктан ажырасам өлүп калам деген адамдардын тобу. 

Экинчиси – кайсы бийлик келсе да үн катпайт, эч качан сын айтышпайт. Бийликке бир да жаман сүйлөбөйт. Бирок дайыма бай жашайт, балдары, тууган-уругу же тага-жээни бийликте отурат. 

Үчүнчүсү – эл ишенген топ. "Эл мени колдойт, эл мени кызматка алып барат, эл үчүн күйөм” деген топ. Ушул үчүнчү топтогу саясатчылар бийликке келсе гана мамлекет оңолот”. 

 

Ушуларды айткан экс-депутат учурда саясатчылардын көпчүлүгү аферист болуп кеткенин кошумчалады.  

"Мен бир "коммунистти" билем, кийин “Алга, Кыргызстан!” партиясына, андан кийин “Ак жолго”, кийин “Ата Журтка” кирди, учурда ал адам “Эмгек” деген партияга өтүп алды”,- деген Ташиев шайлоолордо элди жаңылыштык кетирбөөгө чакырды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан