Депутат Надира Нарматова кечээ пленардык жыйындан кийин вице-спикер Төрөбай Зулпукаровго чатак салды

ЖКнын депутаты Надира Нарматова (“Ата Журт”) кечээ, 31-октябрда пленардык жыйындан кийин вице-спикер Төрөбай Зулпукаровго чатак салды. Жыйын учурунда Нарматова депутат Максат Сабировго болушуп: “Эмне үчүн Сабиров мыйзам долбоорунун демилгечиси болсо, ага бул долбоор боюнча сүйлөөгө сөз бербейсиз? Же сиздин ага сөз бербей коюуга укугуңуз барбы?”- деди вице-спикерге. “Ооба, укугум бар” деген Зулпукаров Нарматованын микрофонун өчүрүп койду.

Жыйын бүткөндө Н.Нарматова Т.Зулпукаровго басып барып: “Сиз микрофонду өчүрүп, Кудайды оозго алба деп, мени эл алдында кемсинттиңиз. Мен сизге эмне кылдым эле? Мага мындай мамиле жасоого укугуңуз жок!”- деп Зулпукаровдун көкүрөгүнөн түрттү.  

Вице-спикер комментарий бербей, тигини четке түртүп, жыйын залынан чыгып кетти. 

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан