Биз социалдык тармакта

Буга чейин уулунун операциясына жардам сураган. Баласынын өмүрүн сактап калууга жан үрөп жаткан эненин үстүнө капыстан 15 литр кайнак суу төгүлүп, ооруканага түштү

Төрт баланын энеси Айнура Дооткулова SUPER.KG порталына буга чейин жардам сурап кайрылган. Ал үч кыздан кийин төрөлгөн уулунун мээси кургап баратканын, аны Индияда гана дарылоого мүмкүн экенин айткан.

Уулу Раян учурда 11 айлык болду. Бирок ден соолугунда эч кандай жылыш жок. Айнура Дооткулова тапкан каражатын чогултуп, дагы жардам сурап болгон үмүтүн артып отурган кезде 15 литр кайнаган сууга денесин күйгүзүп ооруканага жатып калды. Жалгыз бой эне балдарын кимге калтырарын, өзүнө, уулуна дары-дармекке каражатты кимден сураарын билбей турган чагы.

"11 айдан бери SUPER.KG порталынан сырткары болгон тааныштарыма, интернеттен ырчы, актёр, блогерлерге, бийликтегилерге, айтор баарына кат жазып жардам сурап жатам. Каражат бир канча сом чогулганда эле баламдын эпилепциясы кармап улам жандандыруу бөлүмүнө жатып калат. Ал ортодо менин тагдырымды колдонуп, баламдын сүрөттөрүн илип, акча таап кетишкендер да болду. Алардын үстүнөн арыз жазгам, бирок андан дайын жок. Эң башкысы уулума акча чогулса экен деген ой менен карап жаткам. Жакында кокустук болуп эми мен өзүм ооруканага жатып калдым. 15 литр суу кайнап турган электр чайнегин коём деп үстүмө төгүлдү, ток тартып кетти окшойт, түшүнбөй да калдым. Денемдин көп бөлүгү күйдү. Колум, бетим, моюнум, төшүмө чейин. Апам майып болсо да балдарымды карап тургула деп таштадым. Суранам, биздин үй-бүлөгө жардам берип коюңуздар", - дейт Айнура Дооткулова.

Айнура Дооткулова жана анын уулу Раянга жардам берүүнү каалагандар үчүн:

Optima Bank 4169585348307843

Элкарт 9417019308325115
Элсом 0707 408 450
visa 4177490156300073
СберБанк 5336690345337002
Байланыш үчүн номер: 0707 408 450.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
AruuKasi
2021-08-17 17:20:39
Аллахым шыпаа берсин бир жамандыктын артында эки жакшылык бар эже сабыр кылыныз
+20
Aibek_eka
2021-08-17 18:13:28
Аллах шыпаанызды берсин багы жокко дагы жок болуптурда
+11
Pepe93
2021-08-17 19:31:17
Келгиле 50, 100 сом болсо да топтойлу, коп тукурса кол болот, Аллахым шыпаа берип, жакшы болуп кетиниздер
+11
Naku77
2021-08-17 21:08:41
АЛЛАХым шыпаа берсин
+5
SHaidulda
2021-08-19 00:31:02
Байкуш эне кудай ден соолук берип айыгып кетиниздер
+2
nurka_85
2021-08-19 10:00:14
Урматтуу мекендештер келгиле ушул келинге жардам берели мен сбер картасына котором буюрса баары жакшы болот.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан