Биз социалдык тармакта

"Мээси кургап баратат". Жалгыз бой келин төрөт учурунда башы кысылып калган баласынын абалын айтып берди (видео)

Төрт баланын энеси Айнура Дооткулова SUPER.KG порталына жардам сурап кайрылган. 2020-жылдын 21-сентябрында үч кыздан кийин төртүнчү баласын төрөп жатканда кан басымы көтөрүлүп эс-учун жоготкон. Ошол учурда баланын башы кысылып калган. Эне-бала 1 ай жандандыруу бөлүмүндө жатып, азыркы күнгө чейин дарыланып келишет.

“Андан бери төрт ай өттү, тиленип алган балам төрөлгөндөн бери дары-дармек ичип жатат. Азыр дарыгерлердин айтымында, мээси кургап баратат. Коюлган диагноз Эпилепция ДЦП. Аны биздин өлкөдө дарылашпайт экен. Бир гана Индияда операция жолу менен айыктырса болот. Бирок акчасы 7500 доллар турат. Өзүм жалгыз бой энемин. Жолдошум экөөбүз ажырашып кеткенбиз. Төрөгөнгө чейин иштеп кыздарымды бакчумун, азыр минтип баламдын жанында күнү-түнү турушум керек. Боорукер элимден жардам сурайм, башыбызга түшкөн сыноодон баламды куткарып чыгышыма жардам бериңиздер”, - дейт Айнура Дооткулова.

Айнура эжеге жана анын баласы Раянга жардам берүүнү каалагандар үчүн:

Optima Bank 4169585348307843

Элкарт 9417019308325115
Элсом 0707 408 450
visa 4177490156300073
Байланыш үчүн номер: 0707 408 450.

Төрт баланын энеси: “Тамак-аш, кийим-кече, акчалай жардамга муктажмын”
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Qwer007
2021-01-27 16:04:16
Аллах шыфасын берсин, жардам берип коелу мекендештер
+11
ZALKARBEK.84
2021-01-27 16:17:32
Ошондо уулун кимден төрөдү, ажырашпай тынч жашаса болбойбу. Аллах шыфаасын берсин.
-5
sarbo
2021-01-29 16:03:16
ZALKARBEK.84,эч ким атайы кылбайтта
+1
Janyl98
2021-01-27 16:35:59
Жараткан Тенирим колдоп, ден соолук берсин
-4
radostmoya
2021-01-29 20:41:53
Кесарево кылса болмок экен...өкүнүчтүү...
+2
Isikkolumkeremet
2021-02-04 17:09:55
Жанагы депутаттын айлыгын 5600 кылып калган акчасын ушу эжеге берсе эээ...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан