Кыргызстанга расмий иш сапары менен Казакстандын премьер-министри Серик Ахметов келди. Муну өкмөттүн басма сөз кызматынан бүгүн, 1-ноябрда билдиришти. Конокту “Манас” аэропортунан өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев тосуп алды. Казакстандын премьер-министри иш сапарынын алкагында президент Алмазбек Атамбаев, өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзмөкчү.
Ошондой эле кыргыз-казак өкмөттөрү аралык кеңештин 4-жыйынына катышат.