“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду “Билим кербенин” Жалал-Абад шаарында өткөрүп жатат

Бүгүн, 1-ноябрда  “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду “Билим кербенин” Жалал-Абад шаарындагы Жусуп Бакиев атындагы №3-орто мектепте өткөрүп жатат. КРнын Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгембердиева иш-чараны ачып берди. Ал өз сөзүндө “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондуна терең ыраазычылык билдирип, балдар менен иштешкен кызматкерлерге каалоо-тилектерин айтып өттү. “Мектеп-Школа” журналынын башкы редактору, көз карандысыз эксперт Миргүл Эсенгулованын өткөрүп жаткан “Кенже курактагы балдардын өнүгүшү жана коомчулук аркылуу көндүмдөрдү калыптандыруу” презентациясына облустун билим берүү усулдук борборунун директору Акылбек Токтосунов, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башкы адистери Айнура Маданова, Назира Азимбаева жана шаардык, Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунун балдар бакчаларынын башчылары, кызматкерлери катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан